www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интернетте үйлөнүү үлпөтү учурунда жаштардын массалык мушташуусу катышкан видео бүгүн, 25-октябрда тарады.
Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгы билдирген маалыматка караганда, окуя аталган областтын Ноокен районунда болгон.
Мушташтын кесепетинен ооруканага 23 жана 25 жаштагы эки жаран кайрылган, бирок, бирок алган жаракаттары олуттуу болбогондуктан, алар алгачкы медициналык жардам алган соң кетип калышкан.
Ал эми милициянын билдиришинче, бул тууралуу арыз жазуудан жана экспертизадан өтүүдөн эки тарап тең баш тартышкан.
Ошентсе да, Жалал-Абад ОИИБи аталган фактыны “Бейбашчылык” беренеси менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.
Булак: NazarNews.kg