www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-октябрдан бери  Бишкектин спорттук базасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин Спартакиадасы өтүүдө. Бул иш-чара  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү, мамлекеттик кызматкерлерди ар убак дене тарбия менен машыгууга тартуу жана дене тарбиялык массалык  иштерди уюштурууну өнүктүрүү максатында мамлекеттик кызматкерлеринин арасында өтүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, регламент боюнча Спартакиаданын бардык этаптарында милдеттүү түрдө  мелдештин программасында көрсөтүлгөн спорттун бир түрү боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилери катышуусу керек. Андан сырткары, катышуучулар спорттун эки түрүндө мелдешке катышууга уруксат берилген. Аталган иш-чараны даярдоого жана өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жетекчилик кылууда.

 Бул жылы Спартакиаданын программасына спорттун 16 түрү кирген: кол күрөш, бильярд, волейбол, гиря  көтөрүү,  дартс, кичи-футбол, жеңил атлетика, стол тенниси, ок атуу, күжүрмөн ок атуучу куралдан ок атуу,   үч тапан, тогуз коргоол, самбо, шахмат жана аркан тартуу.

 25-октябрь күнү Макаров тапанчасынан ок атуу боюнча мелдеш өттү. Аталган мелдеште Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков  87 балл топтоп, ардактуу биринчи орунду багындырды. Ал эми экинчи орунду Кыргыз Республикасынын Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитети, 3-орунду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЭККМК ээлешти.

Жеңүүчүлөр менен байгелүү орунду ээлегендер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан тиешелүү даражадагы медалдар, дипломдор жана кубоктор менен сыйланышмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости