www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Жанар Акаев:

Депутат Жанар Акаев бүгүн, 26-январда Кыргызстанда сотторго 90% эл ишенбей тургандыгын Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Үстүбүздөгү жылдын 9-январь күнү ИИМ Академиясынын курсанты, 24 жаштагы Айза Улан кызын мурунку МАИ кызматкери өзүнүн унаасы менен өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Аны күч органдары 3 күндөн соң колго түшүрүшкөн. Аталган жаранды сот абакка отургузуунун ордуна үй камагына чыгарган.

Шаардык сот дагы райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Эми Кыргызстанда адамды өлтүрө сүзүп, бирок жазаңды албай эркиндикте жүрө берсең болот деген түшүнүк калаптанат. Сот системасына таптакыр түшүнбөйм. Ансыз да элдин 90%ы Кыргызстандагы сот системасына ишенбейт. Кыргызстанда камала турчу адамдар камалбай, камалбай турчу адамдар камалып калган учурлар кездешет", - деди Акаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости