www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында "Судьялардын статусу жөнүндө" КРдин Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды.

Парламенттин жыйынында Жогорку соттун төрайымы Гүльбара Калиева соттордун кадыр-баркы түшүп кеткенин моюнга алды. 

Жыйында депутаттар сотторго болгон ишеним төмөндөп жатканын белгилешти. 

"Чын эле кадыр-баркыбыз аябай төмөндөдү. Биз аны мойнубузга алабыз. Кээ бир судьялар дагы кадыр-баркыбызды төмөндөтүп жатат. Мен өзүм деле уялам. Судьяларга кезиккенде "силердин беделиңерге карап менин кадырым көтөрүлөт. Өзүм жалгыз эч нерсе кыла албаймын" деп айтам. Урматтуу депутаттар, азыр сунушталган мыйзамды колдоп беришиңиздерди суранам. Биз "сот бийлиги" деген элдин ишенимин арттырууга, кадыр-баркыбызды көтөрүүгө аракет кылабыз", — деди Калиева.

Ошондой эле, ал 2010-жылдан кийин Сотторду тандоо кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын түзүлгөнү жемишин бербей жатканын айтып, аны жоюу керектигин белгиледи. Себеби бул комиссия натыйжасын көрсөткөн жок.

Калиева жаңы дисциплинардык комиссия түзүлгөнүн, өзүнүн ой-пикиринде  туура эмес  көрөрүн айтып өтүп, Лениндин айткан сөзүн мисал келтирди.

“Шаг в перед два шага назад”- болуп атабыз деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости