www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-августта Лебединовка айылында №258 кичи автобус жол кырсыкка кабылган. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Тактап айтканда, «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасы карама-каршы тилкеге чыгып кетип, «Мерседес-Бенц 124» жеңил унаасы менен сүзүшкөн. «Спринтерди» 1977-жылы туулган Ж.Н. башкарып бара жаткан.

Кырсыктын кесепетинен 8 адам ооруканага жеткирилген.

Бүгүнкү күндө топтолгон материалдар Аламүдүн РИИБдин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Унаалар айып короого токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Ошондой эле «Спринтердин» айдоочусу кечээ, 23-августта жумуштан бошотулганы белгилүү болду.

Аны менен келишим түзгөн «Байзак-Аска» ЖЧК айдоочуларга тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн 10 миң сом айып пулга жыгылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости