www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 18-октябрда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ишин кароону улантып, чечим чыгарды. Ага ылайык, Зилалиев күнөөлүү деп табылып, үч жылга шарттуу кесилди.

Зилалиев сот чечими боюнча комментарий бере элек.

Эске сала кетсек, Дүйшөнбек Зилалиевди президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү президенттик кортеж өткөн көчөдө "бомба коюлду" деген кабар тараткан деген айып тагылууда.

Ал эми өзү бул боюнча курсант кыз сөзүн туура эмес түшүнүп алганын айтып келет. Зилалиевдин айтуусунда ал кызга "формаңыз жарашат экен" дегенин, "бомба жарылат" деп угуп алды деп айтып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости