www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Кыян аке, сиз облус башына келгени өзүңүзгө байланышкан бир беткей күбүр-шыбыр кептер маалымат каражаттарына көп чыгат. Андай маалыматтардын бирине да «ак» же «көк» деп үндөбөгөнүңүздүн сыры эмнеде? Же «унчукпаган үйдөй балээден кутулуптур» деген позиңияны тандап алдыңызбы?

– Эми мен көралбастыктын, ичтарлыктын деңгээлине түшпөйм да. Жетекчи болгон соң андай катмардагылардын деңгээлине түшүп, теңелгим келбейт. Кайран пенделерге сөз жок! Колубуздан келишинче, мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче аракетибизди кылып, иштеп жатабыз. Облустун аймагында жакшы иштер жүрүп жатканын элибиз да көрүүдө. Мени жамандап, баткак чачыратууга жандалбастап жүрүшкөн төрт-беш көөдөнү сокур адамдар бар. Бечаралар мени жамандатып, шыбатыш үчүн акчаларын чачып жүрө беришсин. Өздөрүнө таандык «дүжүрлөрү» менен жамандатууга жандалбас урушкандарычы? Калыгул үкам, кыргызда «мөмөлүү даракка таш ыргытылат» деген кепти өзүң жакшы билесиң да? Иш болуп жаткан жерде кыргыз болгон соң ушундай кызганычтар, көралбастыктар болот экен. Кичине баш көтөрүп, эл үчүн эмгектенип келе жаткандарды тизеге чапмай оорулуу өнөкөт тээ илгертен бери келе жатпайбы. «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы» деген кеп бизде сөз жүзүндө эле айтылат тура. Мен иштеп турганда көөдөнү сокурлар тарабынан ыксыз тийишүү, болбогон жерден жаманаттылоо боло берет. Андайларга арданып, анчалык убактымды коротуп, көңүл деле бурбайм. Андан көрө алдыга умтулуп, моюнда жоопкерчиликтүү милдет турганда эл үчүн, мамлекет үчүн иштей беришибиз керек. Жогорку бийлик облустун түйшүгүн тартуу үчүн мага ишеним менен ушул кызматка жөнөтүп жатса, мен иштешим керек да. Мени жаманатты кылууга чуркап жүрүшкөн ушакчылар менен айтышканга убактым жок. Жамандашса жамандай беришсин, менин күнөөм кечирилип жатат. Андай катмардагылар менен акыретте «эсептешип» алабыз.

– Жалал-Абад облусунда кышка даярдык кандай? Коомдук, саясый жалпы абалчы?

– Кышка даярдык боюнча баардык мерчемделген иштер атайын түзүлгөн графиктин негизинде кетип жатат. Социалдык объектилерди жылытуучу системалар 100%га толугу менен даяр. Жалпы облустун тургундары 85%га отун-суу менен камсыз болушту. Алдыдагы убактарда бул көрсөткүчтү да 100%га жеткиребиз. Элге көмүр сатуучу 179 түйүн иштеп жатат. Көмүрдүн баасы облусубуздун аймагында ар тоннасы 2 жарым миңден 4 жарым миң сомго чейин болууда. Кыш чилдеге даярдык көрүү жагынан бизде масеяе жок. Ал эми коомдук, саясый абал тынч. Биздин өрөөндүн эли эгин-тегин, пахта жыйноо менен алек.

– Аймактарды өнүктүрүү жылына карата ар бир облустан чыккан капчыгы калың ири ишкерлер өздөрүнүн кичи мекенине барышып, өздүк эсептеринен жакшы иш-чараларды кылып жатышканын көп угуп, көрүп жатабыз. Жалал-Абаддан чыккан капчыктуулар да облустун аймагы үчүн жакшы иштерди жасаганга жарап жатышабы?

– Биздин облустун аймагынан чыгышкан жеке ишкерлер абдан көп. Элге сен айткандай өздүк эсептеринен жардам беришип, соопчулук иштерди кылып жатышкандары мындан көп. Аймактарды өнүктүрүү жылына карата быйыл буюрса, биздин өрөөндө аябай жакшы иштер аткарылды. Бул жагын мактануу менен айта алам. Башталган иштерибиздин баардыгын дагы улантабыз.

Калыгул Бейшекеев

Булак: "Азия ньюс"

Последние новости