www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

74 жаштагы Галина жана 51 жаштагы Вячеслав бир канча жыл мурун бири-бирине кайнене менен күйөө бала болсо, эми аялы-күйөөсү болуп отурушат. Бул тууралуу Провинция.ру жазып чыккан. Буга чейин аталган жуптун кызыктай болгон үлпөт тою боюнча да жазышкан. Азыр эми бул түгөйлөр жалданма эне төрөп берүүчү баланы чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Каяктагы эле бирөөдөн эмес, кино актёр Олег Стриженовдун небересинен.

Эске салсак, бир аз убакыт мурун эле Петербург тургуну Вячеслав Галинанын кызы Еленага үйлөнгөн болчу. Жубайлар апасы менен чогуу жашашчу. Кийинчерек Вячеслав менен Еленанын турмуш оту бирге тутанбай, ажырашып кетишкен. Жайлуу квартирадан кеткиси келбеген киши бир айла таап чыгат – ажырашуудан соң жалгыз бой кайненесине бирге турмуш курууну сунуштайт. Ал да бул сунушка дароо макул болот. Елена азыркы убакка чейин апасы жана мурунку жолдошу менен катташпайт.

Вячеславдын улуу уулу да мындай чечимге макул болгон эмес. Уулу тескери бурулган Вячеслав, кызы менен мамилеси үзүлгөн Галина экөөсү кайрадан балалуу болууну чечишет. Буларга жардам берүүгө москвалык актёрлор үй-бүлөсүнөн чыккан, белгилүү актёр Олег Стриженовдун небереси Александра Стриженова макул болгон.

Александранын турмушу да түгөйлөрдүн жашоосуна окшош: кесибин карын эне болуу кылгандан кийин үй-бүлөсү, туугандары менен карым-катнашын үзгөн. “Жалданма апабыз кош бойлуулуктун 11-жумасында. Учурда төрөт кайда болору тууралуу ойлонушууда. Вячеслав менен Галина азыркы убакка чейин миллион доллар коротушту. Мындан аркы энеге, дарыгерлерге бере турган сумма, дагы башка чыгымдар андан да көп болору болжолдонууда. Бирок, акча каражаты жетээрин айтышууда жубайлар,”- деп билдирет 78.ру порталы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости