www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чала дипломат, чала журналист, чала бизнесмен, Кореядагы Кыргызстандын мурдагы элчиси Кылычбек Султан кыргыз дипломатиясынын чалмакейин чалды.

Президент мени жекече кабыл албай койду деген таарынычы менен дипломатиялык жана мамлекеттик кызматкердин этикасына туура келбеген кадамдарды жасап, мамлекеттик купуя сыр деп эсептелген учурларды жалаяктай ачыктаганы бийликтегилерге гана эмес, жалпы Кыргызстандын эл аралык аренадагы имиджине залал тийгизди.

Ал эми Кылычбек Султан өзүнүн былык иштерин неге коомчулукка жарыялабайт? ТИМ менен элчинин айткандарын текшерген Коопсуздук кеңеши кичине четин чыгарды. А бирок Кылычбек Султан мамлекеттин акчасын келемиштей жегени неге ачык айтылбайт? Ал өзү дагы бул боюнча эмне себептен үн катпайт жана жоопкерчиликке тартылбайт?

Мисалы, Кореяда элчиге атайын бөлүнгөн резиденцияны чанып, «Somerset Palace Seoul» деген мейманканага жашаган. Бул дипломаттар үчүн жазылган эрежелердин бузуусу жана каржылык дагы бузуу болуп эсептелинет.

Ошол эле учурда жубайы өзү менен жашабай, Малайзияда жашап жүрсө да (ал жакта бул үй-бүлөнүн бизнеси бар дешет – ал дагы мыйзам бузуу), Кылычбек Султан жубайына каралган айлыгынын 30 пайызын түзгөн акчасын алып жүргөн, 2018-жылы январь-августта 7 миң долларга жакын акча корогон деген маалымат тарады.

Кыскасы, эч нерсеге жооп бербей, чалчактап чет өлкөдө жүргөнгө көнүп алган чала журналист, верстальщиктин кылганы ушул болмок. Аны элчи кылып жибергендерге да баракелде!

Ади Арт

Булак: NazarNews.kg

Последние новости