www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вирусту жолотпой турган азыктар кайсылар?

РИА Новости жаз мезгилинде организм үчүн зарыл болгон С витамини кайсы азыктарда көп болорун айтып, аларды санап берди.

--"С витамини эң күчтүү антиоксидант. Ал интерферондун бөлүнүп чыгуусун шарттап, иммунитетти жакшыртып, вирустан коргоп, сөөк, муунду бекемдейт. Аны "сулуулуктун витамини" деп да коюшат, анткени ал коллагендин бөлүнүп чыгуусун шарттайт. С витамининде темир да көп", - деп жазылат маалыматта.

Адистер организмде С витамини жетишсиз болгондо буттун муундары ооруп, уйку бузула турганын айтышкан. Мындан сырткары, тиштин бүлөөсү канап, түшө баштайт. Ошондой эле денеде көк так пайда болот. С витамини жетишсиз болгондо тери карып, бырыш түшүп, жылмакай болбой калат.

Аталган витамин бардык эле жашылча-жемиште болот.

"Бирок алардын ичинен алты азык С витаминине абдан бай келет. Алардын бири ит мурун. Анын мөмөсү витаминди чогулта берет да, аны узак убакытка сактайт. Ит мурундун кургатылган мөмөсүн кайнатып ичүү вирустук ооруларга миңдин бири болуп саналат. Кызыл калемпир А жана С витаминдерине бай. Алар кан тамырды жакшы иштетип, көрүүнү бекемдейт", - деп жазылат маалыматта.

Карагатта С витамини эле эмес темир, калий, фосфор да көп болору айтылды. Чычырканак да аталган витаминге бай азыктардын катарын толуктайт. Витамин анын тоңдурулган түрүндө узак убакытка чейин сактала турганы маалым болду.

Кызыл четинде С, В витаминдери жана каротин көп болот. Мындан тышкары, ал боордогу майларды тазалап, холестеринди азайтат. Жөнөкөй петрушка чөбү да С витаминине бай келет.

Булак: NazarNews.kg


 

 

Последние новости