www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ менен Улуу Британия Украинадагы жаңжалды козутуу үчүн көп иштерди жасашты. Бул тууралуу япониялык саясатчы, Япония парламентинин жогорку палатасынын депутаты Мунео Сузуки РИА Новостиге берген маегинде билдирди.

"Баары өткөн жылдын 23-октябрында Украинанын чабуул койгон учкучсуз учагын (Байрактар) учурганынан башталды. Бул бардыгынын башталышы болду. Анан Путин өз элине да сокку урулаарын түшүнүп, аскерлерин Украина тарапка жылдыра баштады. Анан Америка "эми Орусия кол салат, эми Орусия кол салат", - деп провакация кыла баштады. АКШ провокация кылбай - Украинага чабуул жасоочу учкучсуз учактарды колдонууну токтотуп, Путинди сабырдуулукка чакырыш керек болчу. Американын президенти ушуну айтыш керек болчу. “Эми кол салат, эми кол салат” деп тукурбай. Анан Британия чагымчыл катаал билдирүү жасады. Менин оюмча, бул жерде чоң маселе бар болчу”,-деди Сузуки.

Саясатчы Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалуунун курчушуна АКШ жана G7 өлкөлөрү (Улуу Биртания, Германия, Италия, Канада, Франция, Япония, жана АКШ) жооптуу деп эсептейт.

Мунео Судзуки: "Америка дүйнөнүн полициясы эмес. Америка дүйнөнүн каржылык мамлекети эмес. Бул провокациялардын баары АКШ менен Улуу Британиядан келип чыгууда. Ал эми Япония буга багынбашы керек", - деп ишенет. .

Мунео Сузуки - чоң тажрыйбасы бар саясатчы: быйыл анын парламентке депутат болгонуна 40 жыл толот. Ал азыр парламенттин жогорку палатасында Ниппон Ишиндин (Жапониянын Жаңылануу партиясы) өкүлү. Ал Япониянын саясатында тынчтык келишимине кол коюуга жана Орусия менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендиги менен белгилүү. Сузуки Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэге көп кеңеш берип турган, анын тушунда эки тараптуу байланыштар абдан интенсивдүү өнүккөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости