www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Ыдырыс Исаковду кумаркана делинген жайдын күзөтчүлөрү колун кайрып, телефонун тартып алууга аракет кылгандыгын Ы.Исаков “Фейсбуктагы” баракчасына туз эфир аркылуу жүктөдү.
“Назарньюс” сайты Ы.Исаков менен байланышканыбызда ал: “эми бошонуп, кийимдеримди тазалап атам, костюмум айрылыптыр. Колдорум ооруп калганы болбосо, денеме өтө чоң залал келген жок. Эми бул боюнча Ош шаардык милициясына кайрылам.Жогорудагы тасманы Милиция органдары реакция кылсын деп жүктөдүм”, - деп айтты.
Белигилүү болгондой, Ош шаарынын тургуну бир күн мурун Хендай “Портер" үлгүсүндөгү унаасын кумарканага уттуруп жибергенин айтып берген. Ошондой эле ал 2 жыл ичинде 6 миллион сомун казиного уттуруп жибергенин айткан.
Журналист менен жабырлануучу сүйлөшүп жаткан учурда кумаркана делинген жайдын күзөтчүлөрү келип, Ыдырыс Исаковдун колун кайрып,телефонун тартып алууга аракет кылган. Көп өтпөй окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип териштирүү иштерин башташкан.
Булак:NazarNews.kg