www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
7-майда Жалал –Абад облустук ооруканансына тез жардам менен оор жаракат алган 2 жашар кыз жандандыруу бөлүмүнө келип түшкөн. Бул иш боюнча укук коргоо органдары кылмыш ишин козгогон эмес. Сузак районунун милициясы кокустук катары каттап койгон.
«Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы» Жалал-Абад облустук ооруканасына эс-учун жоготкон, оор абалда жеткирилген наристени сабагандарды жазалоону талап кылып жатышкандыгын интернетке жарыялады.
«Наристе ден соолугуна кесепети тийе турган жараат алганына карабай, аны сабаган үй-бүлө мүчөлөрү жоопкерчиликке тартылган жок. Укук коргоо органдары бул фактыны балага зомбулук көрсөтүү катары эмес, кокустук, кырсык катары каттады. «Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы» балага зомбулук көрсөткөн тараптын жоопко тартылышына аракет кылат», - деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.
Кичинекей кыздын апасы Орусияда иштеп жүргөн. Турмуштан ажырашып, эки кызын өгөй энеси менен атасына калтырып кеткен.
Булак:NazarNews.kg