www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уккан кулак ишенбейт. Керим Тураповдун үнүн,чыгармачылыгын кимдер гана сыйлабайт. Бирок, опера балет театрынын директору болгондон баштап анын артынан да жагымсыз сөз ээрчип, шаарыбыздын эң жакшы деген жеринен жер алып “элге керектүү имарат салдырам” деп убада берип коюп, ал жерге азыр он беш этаж чоң там салынып, анысына сот “ишти токтотуу керек” деп өкүм чыгарса, “пашёл” деп орус тилинде айтып, иш кайра жүрүп жатканы кеп болууда. Бул айтылган кепке ишенүү да кыйын. Анткени Керим Турапов элди алдагандай акчанын күчү менен келген депутат же министр эмес да дегендер да чыкты.

Эмнеси болсо да директорлук кызматка келгенин кутуктап тура туралычы, ызы-чуу кепке көңүл бурбай, балким калп да болуп калышы мүмкүн.

Бирок, “сыныктан баары жугуштуу” деген да кеп бар эмеспи, чоңдор менен табакташ болуп жүрүп, алардын кылыгы жугуп кетиши да толук мүмкүн.

Бир тараптуу тыянак чыгарбай күтө туралы, аягы эмне мене бүтөт болду экен?

Бердикожо Бийназров, NazarNews.kg

Последние новости