www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бай бирок, жашоосу супсак аялдын арманы

Жамал элүүнүн экисине чыккан, өз жашынан кыйла жаш көрүнүп, али бетине бырыш түшө элек, кийимдин кымбатын кийип, тамактын даамдуусун ичкен, өз боюна караган аял. Анткен менен көздөрүнүн тереңинде кусалык, жашоосуна нааразы болгондой көрүнүш баам салган кишиге байкалып турат.

Учурунда көп эркектин көз отун алган чырайы бар эле. “Эркектин көзү душман” деп бекер айтылып калган эмес го чиркин. Ар бир эркек аялдын сулуусун, аттын күлүгүн мингизи келээри да турган иш. Жамалга кимдер гана сөз айтпады да, кимдер гана көз артпады. Акыры айылдан келген өзү курактуу студент Аскарды жактырды да калды.

Анткен менен экөөнүн ортосунда ысык сүйүү, ынак мамиле болгону да чын. Убагы келип экөө үйлөнүп тынышты. Анткени эки жолу Жамалды ала качып кете жаздап, аз жерден калды. Бирок, ошондо ала тургандар ала качып кеткен болсо, Жамалдын азыр жашоосу такыр башкача болот беле ким билет.

Аскар экөө бир кыз, бир балалуу болушту. Кызы турмушка чыгып кеткен. Баласы аялы менен чет элде жашайт.

Аскар экөө эмне деген гана азаптарды көрүшпөдү. Орус кемпирлердин үйүндө квартиралап жашап турушту, тапкандары жашоолоруна өп-чап жетип, союз тараганы иштеген иштерин таштап Дордойго соодага чыгышты. Соода кылып жүргөн кездеринде эмне деген гана кыйынчылыктарды тартышпады. Таң эрте суукка карабай базарда болушат, келген товарларды сатып жүрүп Жамал күйөөсүнүн эрте эле байып кетишин тиледи.

Бирок, тилеги кабыл болуп, байлыкка да жетишти. Кыдырбаган жери калбады, көрбөгөн эли калбады. Эми минтип карылык айылына баш бакканда күйөөсү жаш аял алып кетип калды. Жамал үйдө жалгыз калып, баягы жетишпей жашап жүргөн кезиндеги күйөөсү Аскардын мээримин төгүп эркелеткенин сагынды. Көрсө ошол кезде нак бакыттын келгенин байкабаптыр да.Азыр баары бар, бирок,өзү жалгыз. Байлыкка жетүүнү тилеп жүрүп күйөөсүн жаш аялга тартырып жиберээрин, анда оюна алган эмес эле да. Кап, азыр болгон байлыгын бер десе бермек эле, күйөөсү экөө жалпак тамда жашаган кезин кайра кайрып берсе. “Байлык адамдын көзүн көр кылат” деп айтылат эмеспи. Байыганда адамдын көзүнө эч нерсе көрүнбөй калары да анык. Бир курдай орус аял атайын жанына келип айткан эле “Жамал, абайла, байлык менен бакытка жетпейсиң, күйөңө көз сал” дегенде, аны “көрө албай айтып жатат” деп көңүл бурбай койгон. Көрсө ал аял ушул жашоо болорун билген үчүн айткан белем. Мына, керек болсо ушул жашоо болорунан белги да берилген, ага көңүл бурбай койгон өзү күнөөлүү экенин да эстеди.

Бул да жашоонун кичине болсо дагы бир сабагы. Айтайын дегеним, адамдар ар дайым бактылуу кездери өтүп кеткенден кийин гана бакыт келип кеткенин билишет. Андыктан бакыт бир гана байлык менен чектелбейт, жакшы мамиле, эң негизгиси көңүл менен чектелээрин биле жүргөн жөндүү

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

 

Последние новости