www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиева Бишкектин Ленин райондук сотунун чечимине каршы жогорку инстанцияга кайрылат. Сот 5-июлда Кадыралиеваны парламент депутаты Сагындык Келдибаевге 50 миң сом моралдык чыгым төлөөгө милдеттендирген болчу.

Бирок Кадыралиева соттун чечимин дагы эле колуна ала элек экенин айтып, муну жоопкерчиликсиз мамиле катары белгиледи.

2018-жылы Кадыралиева Бишкектеги басма сөз жыйынында Келдибаевдин кош жарандыгы бар экенин, ал паспортту алдоо жолу менен алганын айткан.

Келдибаев Кадыралиеваны «жалган маалымат таратты, кадыр-баркыма шек келтирди» деп айыптап, сотко кайрылган. Ал Кадыралиевадан жети миллион сом талап кылган.

Кадыралиева өз айткандарын сотто далилдей аларын билдирип, Келдибаевдин үстүнөн сотко арыз жазып, ал да жети миллион сомдук доо койгон.

Ал эми, Келдибаев менен Кадыралиеванын өз ара жаңжалы 2014-жылы башталган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости