www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Өнүгүү - Прогресс” партиясы Кыргызстандын коммунисттер партиясынан Исхак Масалиевди кошуп алып шайлоо “кыл көпүрөсүнөн” 2015-жылы араң өткөн. 2017-жылы президенттик шайлоодо Бабановду президент, өзүн өкмөт башчысы катары сезгени менен аз жерден “сынып” кала жаздады. Шайлоодон жеңилер менен Бакыт Төрөбаев Атамбаевге жасакерленип жатып, балакеттен аман-эсен калган.

“Өнүгүү - Прогресс” партиясы эң сабатсыз партия экенин “Билим берүүнүн отличниги” Икрамов Тазабек далилдеп койду. Тазабек мырза бул партияны таза уят кылып, кээ бир тили келбеген сөздөрдү айта албай далай тантырады. Балким дене тарбиясынан гана сабак бергенин уламбы?

Жолдошбаев Камчыбек депутаттар автобус менен жүрсө уялганымдан бетимдин тамтыгы калбай кызарып кетет деп. Автобуста эл менен жүргөн депутаттарды зекип сын айтканы бар.

Бирок, Масалиев Исхак, Бакиров Мирлан, Шайназаров Тынчтык, Жамалдинов Зиядин сыяктуу депутаттар такшалып, бардык маселелерге тиш салып калышты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости