www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дегеле бардык эле областтарда кытайдын жардыруучу заттарын кардарлар алгысы келбей калгандыгы байкалууда.
Быйыл Каракол шаарынын борбордук базарында пиротехникалар жана жаңы жылдык жасалгалардын соодасы быйыл солгун. Буга көпчүлүк эл ысырапкорчулук, экологияны булгоо, адамдын ден соолугуна зыян жана ислам динине туура келбейт деген өңдүү себептерди жүйө келтиришүүдө.
Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын тургуну Бейшеакмат Урмамбетов жекеле быйыл эле эмес, көптөн бери жардыргычтарды колдонбой келээрин айтат: - Бул заттарды аткандар биринчиден ден соолугуна зыян келтирет, экинчиден короодогу чөп өрттөнүп кетиши мүмкүн, мал жандыктар үркүйт, андан сырткары, унааларга да кедергисисин тийгизет, - дейт ал.
Белгилей кетсек, жаңы жылды тоскону айрым колунда барлар атайын эс алуу жайлардан келип тосушат, алардын айрымдары жардыруучу заттарды көлдүн үстүнөн жардырышат. Бул экологияга чоң зыян алып келгендиги айтпаса да белгилүү.
Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg