www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеңештин телеканалын жана парламентаризмдин музейин ачууну сунуш кылды. Бул тууралуу эл өкүлү 27-декабрдагы жалпы жыйында Кыргызстанда парламентаризмди өнүктүрүү боюнча сүйлөп жатып билдирди.
- Биз жакында Жогорку Кеңештин 80 жылдыгын белгиледик. Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн парламенттик демократияны өнүктүрүү абдан маанилүү. Парламент өнүккөн өлкөлөрдө парламентаризм музейи, өзүнүн китепканасы болушу керек. Биз барып көргөн парламентерде өзүнүн телеканалы бар. Жогорку Кеңеш эмне менен алек болуп жатканын эл билиши керек. Бул элдин парламентке болгон ишенимин көтөрөт.
Кыргызстанда 2010-жылдан кийин бийлик парламенттик башкаруу формасына багыт алганын жарыялаган. Бирок саясатчылардын көбү өлкөдө президенттик-парламенттик башкаруу формасы орногонун айтып келет.
Кыргызстанда тунгуч эркин телеканал катары таанылган "Пирамида" мурдагы бийликтин тушунда колдон колго өтүп, 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн.
Эске салсак, 2016-жылдын февралында ал парламенттин, башка бийлик бутактарынын, мамлекеттик органдар менен мекемелердин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат тарата турган телеканал болгон. Каналга Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылат.
Булак: NazarNews.kg