www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ырчы жана активист Зере Асылбек кызы 29-декабрда Бишкектин түштүк-чыгышында жайгашкан "Асанбай борборунда" концерт берет. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Аялдар программасынын басма сөз өкүлү Мериза Эмилбекова кабарлады:
- Негизинен концертке өспүрүм курактагы жаштар катталып жатышат. Азыр каалоочулардын саны 1200дөн ашты. Концерт акысыз болот. Ар бир ырынын алдында Зере чыгып, ыр эмнеден улам жаралганы тууралуу кыска монолог айтат. Зеренин ырларынын мазмуну аялдардын укуктарына арналган.
Буга чейин Зере Индияга кетип жатканын, ал жакта мектепте ыктыярчы болуп иштей турганын, бирок Кыргызстанга кайтып келерин билдирип, "Фейсбуктагы" өз баракчасына пост жазган.
Анын адам укуктарын урматтоого чакырган "Кыз" аттуу клиби быйыл күзүндө жарыяланып, коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн. Клипти Интернеттен өчүрүүнү талап кылгандар аны "өлтүрүп кетебиз" деп коркутушкан.
Зеренин атасы, белгилүү педагог адис Асылбек Жоодонбеков милицияга кайрылган.
Булак: NazarNews.kg