www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызпатент жаш калемгерлердин жарык көрө элек чыгармаларын китеп кылып акысыз чыгарып берет. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунан билдиришти.

Маалыматка таянсак, аталган мекеме "Жети жаш автор" адабий сынагын жарыялады. Ага 18 жаштан 45 жашка чейинки курактагылар катыша алат. Жаштар өздөрүнүн буга чейин жарыкка чыкпаган поэзия, проза, драма, публицистика багытындагы кыргыз, орус тилиндеги чыгармаларын сунуштай алат.

Сынакка катышуу үчүн - кыскача өмүр баян, автордун сүрөтүн жана учурда иштеген же окуу жайынын аталышын жиберүүсү зарыл.

Сынактын максаты — жаштардын чыгармачылыгынын өсүп-өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү.

Өтүнмөлөр 2021-жылдын 30-январына чейин кабыл алынып, каалоочулар [email protected] электрондук дарегине же Бишкек шаарындагы Кыргызпатенттин имаратына алып келиши керек.

Сурап-билүү үчүн байланыш телефондор: (0312) 68-04-71, (0552) 84-83-29, (0700) 84-83-29.


Булак:NazarNews.kg

Последние новости