www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ата Мекен партиясынын билдирүүсү

Журналист Элнура Кулуева “Ата Мекен” социалисттик партиясы Майрам Акаеванын демилгеси менен уюшулган, партиянын негиздөөчүлөрү Өмүрбек Абдрахманов, Каныбек Осмоналиев баш болгон бир топ физиктер, кийин Текебаев авторитардык механизмин көрсөткөн соң баарыбыз кетип калганбыз» деп, Токтайым Үмөталиева айтканын пост кылып жазып таратты. Элнура Кулуева бул постту кандай ниет менен жазганы белгисиз. Бирок, «Ата Мекен» партиясынын маалымат-кызматы бул маалыматты чындыкка таптакыр туура келбей турганын билдирет.

“Ата Мекен” партиясынын жаралуу тарыхы мындай:
1991-жылы 10-февралда “Кыргызстан демократиялык” кыймылынын 2-съездинин убагында съезддин делегаттарынын бир тобу “Эркин Кыргызстан” деген демократиялык партияны негиздешкен. “Эркин Кыргызстан” партиясынын төрагасы болуп, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев шайланган.
Кийинки жылы, 1992-жылы 7-ноябрда “Эркин Кыргызстан” партиясы экиге бөлүнүп, Текебаев баштаган топ “Ата Мекен” деген жаңы партия түзүшкөн. Ал партиянын негиздөөчүлөрүнүн арасында Каныбек Осмоналиев да, Өмүрбек Абдрахманов да жок.

“Ата Мекен” партиясынын түзүлүшүнүн негизги себеби – “Эркин Кыргызстан” партиясынын ичиндеги идеологиялык ажырымдан улам болгон.
2020-жылы 7-ноябрда “Ата Мекен” партиясынын түзүлгөнүнө 28 жыл толот. Эгемендүү Кыргызстан менен жашташ партия мамлекеттеги бардык саясий окуяларга активдүү катышып, тарыхты жазып келет.

Последние новости