www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдөгү алты телеканал өздүк продукцияларын даярдабагандыгы үчүн айыпка жыгылды. Жалпы айыптын өлчөмү 276 миң сомду түздү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма-сөз кызматы маалымдады.

Мекеменин маалыматы боюнча бул телеканалдар КРнын мыйзамындагы 8 берененин бөлүмдөрүн аткарган эмес. Ал өздүк продукциялардын көлөмү жана мамлекеттик тил боюнча пунктары. Ага ылайык «НБТ», «ООВА ТВ», «Я», «НТВ KG», «Сегизинчи канал» жана «РЕН ТВ» айыптын 4-категориясы боюнча ар бири 46 миң сомго жыгылган. Учурда айыпты бир гана «РЕН ТВ» телеканалы төлөгөн. Башка телеканалдар коюлган айыптарга макул эмес.

Азыркы тапта, массалык коммуникациялар боюнча департаментинин адистери «Семейный+Домашний», «Два Ноль. Пятница», «Эхо Манаса» жана «Россия РЦТ» телеканалдарына айып тагуу боюнча документтерди даярдап жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости