www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыгармачылыктын чыйыр жолунда тынымсыз эмгектенип, кыргыздын атын дүйнөгө тааныткан чыгаан актриса, театр жана кино тармагында өзгөчө образдарды жараткан инсан Жамал Сейдакматова театр тармагына мурдагыдай колдоо көрсөтүлбөй калган учурда, өз киндигин өзү кесип эң алгачкылардан болуп “Туңгуч” театрын негиздеген эле. 

“Бытовой” камераны алып ойду-тоону тарта башташпадыбы” 

--Чыгармачылыктагы эмгек жолумду 1957-жылы Т.Абдымомунов атындагы драма театрында баштагам. Москвада кыргыз искусствосунун декадасы болгон. Ошондо мен Т.Абдымомуновдун жазган сценарийи боюнча тартылган “Алыскы тоолордо” фильминде башкы каармандын ролун ойногом. Ошондон бери кинолорго тартылып, театрда иштеп, маданиятка түбөлүккө баш-отум менен кирип кетсем керек. Ал доор таптакыр башка болчу. Эми ал мезгилди ушунчалык жаман болчу деп деле айткым келбейт. Жакшы болчу. “Таяктын эки учу бар” дегендей ар бир мезгилдин өзүнүн жакшы, жаман жагы болот экен. СССРдин доорунда негизинен бизди Москва башкарчу. Каражаттардын баары Москвадан бөлүнчү. Ошол учурда кино тармагы жаңыдан калыптанып келе жаткан эле. Анан 60-жылдарда “кыргыз керемети” жаралбадыбы. Бул мезгилде кыргыз искусствосу аябай гүлдөп өскөн экен. Анда “Госкинону” башкарып турган Ч.Айтматов эле да. Кинонун негизин адабият түзөт эмеспи. Чыкемдин китептери биринин артынан бири жарык көрүп, анан анын жанында Т.Океев, Б.Шамшиев, М.Убукеев, Г.Базаровдой режиссёрлор бар эле. Артисттерден С.Чокморов, Б.Бейшеналиев, С.Жумадылов, М.Рыскулов, Б.Кыдыкеева, Д.Күйүковалар бир мезгилде жарк эткен жылдыздай жанып чыгышкан экен да. Булар мыкты инсандар болуп эсептелет. Ал учурда театрда иштегендердин көпчүлүгү окууну бүтүшпөптүр.

Өздөрүнүн тубаса таланты менен эмгектенишиптир.Кийин коом өзгөрдү. Коом өзгөргөндө аябай кыйынчылык болот экен. Кыйынчылыкты ушул убакка чейин тартып жатпайбызбы. Мамлекет жакыр да. Орто жерден алчулар алып, жулчулар жулуп жатып, казынада эч нерсебиз калбай калды. Бирок, ошого каарабай кыргыздар киного аябай берилип калган эл экен да. Анан “бытовой” камераны алып эле ойду-тоону тарта башташпадыбы. Бирок ошону таптакыр токтотпош керек. Мейли тарта беришсин. Мезгил өзү иргейт. Жакшылары суурулуп чыгып, жамандары четке сүрүлүп калат. Иштейбиз деп талпынып турган жаштар абдан көп. Бир гана нерсе ушул аракет кылгандарга бир аз түрткү керек да. Чет өлкөлөргө жиберип окутуу керек. Билип жатам казынада акча жок. Бирок тойлор өтүп жатат да. Шайлоолорго акчаны аябай чачып жатышпайбы. Мындай каражаттын жүздөн бир бөлүгүн берип койгонго эмне искусствонун ушунчалык баркы жокпу... Баары эле саясатка жутунуп кетип жатышат. Көз көрүнө эле билинип жатпайбы эмнеге кетип жаткандары. Ошол саясатка баргандар бийликке жетип, байып, кыйын болуп чет өлкөлөргө барып мурунду өйдө көтөрүп дүңкүйүп жүрөлү деп жаткандар да, элди башкаргысы келип. 

“Шаардын мэри театрга велосипед тээп келди” 

---Кыргызстан эгемендүүлүктү алган мезгилде Германияга эки жолу барып келдик. Биз фашисттер деп жүрсөк немистер жөнөкөй, тамашакөй, боорукер калк келет экен. Ошондо биз “Ак бешиктин тилеги”, “Буюккан көч” деген спектаклдерди алып барган элек. “Улуу жибек жолундагы театрлар” деген аталыш менен Мюнхень шаарында фестиваль өткөн болчу.

Театрдын директору эшиктин алдына туруп алып көрүүчүлөрдүн билетин өзү текшерип театрга киргизип жатыптыр. Шаардын мэри болсо театрга велосипед тээп келди. Биздикиндей сөз укпаган чиновниктерди ал жактан эч көрбөдүм.

Ал эми Румыниянын киностудиясына барганыбызда да кызык окуяга туш болдук. Киностудиянын имараты аябай эски экен. Имараттын ичинде бир эле чоң бөлмө бар экен. Башка бөлмөлөрү жок экен да. Компьютерлерин коюп алышып кызматкерлер ар кайсы бурчта иштеп жатышканын көрүп таң калдык... 

“Биздин театр өжөрлүк менен бутуна турду”

--Мен “Курманжан Датка” тасмасына тартылдым деп айткандан уялам. Болгону 2-3 эле мүнөт роль ойнодум. Мындай кыска убакыттын аралыгында тарыхый инсандын образын кантип чагылдыра алам деп ошондо аябай коркком. Кыскасы, колдон келген аракетимди кылдым.

Эми “Туңгуч” театры тууралуу айта турган болсом: бул театрдын атын коюш үчүн акчалай байге койгонубузда ылайыктуу атты ыраматылык Тургун Бердалиев деген артист коюп берген эле. Анан биздин театр өжөрлүк менен бутуна туруп кетти. Учурунда театрыбызга элчиликтерден тышкары Т.Эгембердиев, А.Салымбеков сыяктуу жеке ишкерлер да жардам беришкен. Аракет кылыш керек экен. Азыр баягы “иштесең тиштейсиң” деген заман келди. Кээ бирөөлөр эч нерсе кылбай олтурушса, кээ бирөөлөр өз эмгеги менен байып кетишпедиби. Мен өзүм 80ге чыктым. Бир партияга кирип анын таламын талашуу мен үчүн уят. Мен элимди жакшы көрөм. Мамлекетибиз кичинекей экен. Байлык да, бийлик да колдун кири. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө суктаналы. Жерибизде дайыма тынчтык болсун! 

Нурлан  ИСАМАТОВ 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости