www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү куудул Абдылда Иманкуловгобуга чейин  КРнын Эмгек сиңирген артисти наамын берилгени элге жаккан. Бирок ошол эле учурда Иманкулов менен үзөңгүлөш эле сахнага чыккан белгилүү куудул Борончу Кудайбергенов эмнеге наам берилбейт деген  маселе коомчулукта козголгон эле. Биз мына ушул маселе боюнча Борончу мырзанын өзүнө кайрылып, бир катар суроолорду узаттык. 

--Борончу мырза, мамлекеттик наамга дегеле илинбей калдыӊыз окшойт... 

--Эми мамлекеттик наамга ээ көрсөтүлүш үчүн тиешелүү документтерди даярдаш керек да. А мен чынын айтсам буга чейин бир да жолу бере элекмин. Анткени, саясатка байланыштуу бизге баары бир бербейт деген ой менен жүрчүбүз. 

--Сиздин чыгармачылыкта жүргөнүӊүзгө канча жыл болду? 

--30 жылга жакындап калды.

--Абдылда байке  менен сахнага үзөӊгүлөш эле чыктыңыз го...

--Ал киши мурда Токтогул театрында иштеди да. Жалпысынан 35 жылдан ашып калды го. 

--Мага наам бербейт деп түңүлүп калгансыз го...

--Чынында кайрылган эмесмин. Мамлекеттик наам эмес сахнаны бербей коюп жатышса каяктан алмак элем?! Акаевден баштап баарын сындап келатсам... 

--Демек үмүтүӊөр үзүлгөн турбайбы...

--Ошондой десек да болот (күлүп). Эми наам алыш үчүн документ топтош керек. Бирок мамлекет наам бербесе да коомдук уюмдар, мекмелер  берген көптөгөн сыйлыктарым бар. Санын айтсам, 60тан ашты го. Алардын баарын топтоп, барып тапшырып койсок деле болот. Анан тамашанын баары элден чыгат да. Фейсбукта  “Аябай сүйүндүӊөр го, кара далы күйөөгө тийгендей болуп” –деп бирөөсү айтса, “кара далы болсо деле кылыгы бар” деп экинчиси айтып, Абдылда байкени тамашалагандар да болду. Чындыгында наамга жетпей жүргөн Жамбыл аксакалыбыз баштаган дагы бир топ обончу-композитор агаларыбыз жүрүшпөйбү. Алар ала элек болсо, анан биз документибизди тапшырып алып, жүгүрүп мага берип кой дегендин өзү адамгерчиликке туура келбейт го деп ойлоп койчумун. 

--Сиз бир чети туура айтасыз. Бирок  30 жылдан бери сахнада жүргөнүӊүз менен, айрымдар 4-5 жыл сахнага чыгып алып мурунку муундагыларды көзгө илбей эле наам алып жатышпайбы. Буга эмне дейсиз?

--Эми андайлар алып эле жатышат. Алардын абийири болсо туура эмес кылып жаткандарын ойлонот  эле да. Бир окуяны айтайын.  Жаштардан бирөө наам алган экен. Атын айтпай эле коёюн. Анан ал бир тойго келип калган экен. Мен тамада болчумун. Элдин алдында наамыӊды айтып чыгарайын десем жанталашып  “жөн эле коюӊузчу, айтпаңыз” деп аябай суранды. 

--Ким ал? Самара Каримовабы?

--Жок. Эркек артистерден. Демек, ал наамга татыксыз экенин билип жатса керек. Биздин чөйрөдөн Жамбыл, Рахман байкелер наам алышса жакшы болмок.  А биз шайлоодо кайсы бир талапкерге каршы сүйлөй турган болсок анын наам алышыбызга сөзсүз залакасы тийет. 

--Сиз тууралуу айтып жатышпайбы. Эгерде Бабанов президент болгондо Борончу байке биринчи болуп наам алат эле деп. Бул сөздүн кандайдыр бир чындыгы бар да? 

--Чындыгы бар. Кимге ким кызмат кылса ошого берип койгулачы дешет окшойт. 

Нурислам Кабакбеков

Булак: NazarNews.kg
                                                                                                             

 

Последние новости