www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен 47 жаштамын. Атым Гулайым. 21 жашымда турмушка чыгып, турмуш жолубуз болбогондуктан 1 жыл жашап жолдошум экөөбүз эки айрым жолго түшкөн элек. Ортобузда бир кызыбыз бар. Аты Алина. Кызымды өзүм менен алып кеттим, албетте кызым үчүн баарына даяр элем. Жолдошум болсо башка үй-бүлөө  күтүп, бала-чакалуу болду. Алинаны өгөй ата балким тили тийип же өгөйлүгүн көрсөтүп коёбу деп турмушка да чыкпадым.

Канчалаган жерден колумду сурап келишти, бирок мен биринчи орунга кызымды коюп, ушунун бактысын көрсөм менден ашкан бактылуу адам болбостур дечүмүн. Кыйналсам да ага ата да, эне да болууга аракеттендим.

Чоңоюп бой жетти. Колумдан келишинче тарбия бердим. Мектепти аяктаар кезинде ушунчалык кызым өзгөрдү. Мурда сыймыктанып жүрчү кызым жөнүндө  кийинчерээк  жалаң гана жагымсыз сөздөрдү угуп, уялып жүрдүм. Тест тапшырганда да өтө төмөн балл алыптыр, окууга контракт төлөп болсо да окутайын деп окууга киргиздим. Адам каалабаса зордоп окута албайт экенсин. Окуусун да жарытпай таштап коюп, турмушка чыгып кетти. Мейли кызымдын бактысы үчүн деп каршылык көрсөтпөдүм.

Күйөө баламдын аты Азамат, жакшы оор басырыктуу жигит, кызымдын артынан уулдуу болдум деп кубанчымдын чеги жок. А кызым болсо өзүнүкүн туура көргөн, айтканынан кайтпаган анан өтө сулуу кыз. Алар уйлөнөөр замат Россияга кетип калышты. Кызыңды турмушка берген соң, аны "ал жакта жаша, бул жакта жаша" - деп башкара албай деле калат экенсин.

Жалгыздыкта 1,5 жыл жашадым. Алинаны аябай сагынган экем кээде гана звонок кылып калса көзүмдөн мөлтүрөгөн жаш сызылчу болду.

Күндөрдүн биринде кызымдын уулдуу болгонун угуп ушунчалык кубандым. Барып көргүм келгенинен учуп Россияга бардым. Кызым ошол жактын жараны болгонго жетишиптир. Барып кызыма  баласына каралаша бирге жашап калдым. Азаматтын тапкан акчасын кызым тоготпой, кымбат нерселерди алып берүүсун талап кылып чыр салчу болуптур. Же мен жанында болгонумабы билбедим, күндө ызы чуу. Кызыма "турмуштун ысык суугуна чыдамдуу бол кызым, кечке иштеп келип айлык алар замат сага акчасын алып келип берип жатат го, күйөө болсо ушундай Азаматтай болсун, кадырын бил" деп көп жолу  айттым. Кызым болсо "негр жакпайт " - деп аны көп басынтчу болду. Алар кичинекей квартирада жашагандыктан күйөө балам тартындыбы кээде жумушунда, досторунукунда түнөп жүрдү. А мен болсо Кыргызстанга кайра келгенге мажбур болдум. Дагы 2 жыл ошентип күн өтүп, кызым кыз төрөп 5 ай болуп чоңоюп калган соң. Алина чалып "Апа келиниз биз  кыйналып калдык, неберелериңизди караңыз мен жумушка чыгайын, сиз жалгыз ал жакта эмне кыласыз?" - деди.Мен болсо ошол сөзүн күтүп тургандай мээнет терим менен тапкан үй жайдын баарын сатып, акчаны кызыма которуп өзүм жолго чыктым. Барып неберелеримди карап үйдө нянька болуп отуруп калдым. Кызым "акча бар эмеспи квартира сатып алып коелу, бироого төлөп жашаганча өзүбүзгө пайда" дегенинен макул көрдүм. Квартиралуу болушту. Кызым көп ызы чуу салбай калыптыр. Сүйлөгөн сөздөрү да маанилүү. Ичимден кубанып калдым.

Кызым иштеп келип, мага киришчү болду. Апа кечке үйдө олтурасың, неге андай даяр эмес? Неге моогулар бул жерде жатат деген ж.б сөздөр менен менин көңүлүмдү оорута баштады. Эч нерсе жакпайт кызыма. Урушуп койсом "мен жаш бала бекем сага, өзүмдүн жашоом бар аралашпаңыз! Мени менен жашачу болсоңуз унчукпай жашайсыз, жакпаса кете бериниз" - дечү болду. Түндөсү ыйлап - ыйлап алчу болдум.

Мурдараак турмуш күтпөгөнүмө өкүнүп да калдым. Ар ким өз жашоосун ойлойт экен. Мен ошол күндөрү катуу ооруп калдым. Врачтар мени "көкүрөгүңдөн рак "болуптурсун деп онкологияга жаткырып коюшту. Операция жасатуу керек экен, көп сумма акча керек болду. Кызым менен күйөө балама жалдырап ыйлаганыман квартираны сатып менин операцияга кетчү чыгашамды төлөштү.

Оорунун түрү жаман болгондуктан күчтүү уколдор алганыма башымда чач калбады. Бир көкүрөгүмдөн айрылып, өзүмдү күзгүдөн караганга алым калбады. Курс - курсу менен лечения алып турушум керек экен. Жашоом дары-дармек менен өтүүдө. Албетте оорулуу болгон соң неберелеримди каралаша албай да калдым. Кызым да жумушка чыкпай күйөө баламдын айлык маянасы менен жашап жүрдүк. Айына квартирага жеп ичкенге жетпей, кызым кыйналганын менден чыгарчу болду.

Апа сенден тажадым, мен да адамдай бир күн болсо да жашагым келет. Жаның кыйналып ооруса оозуна дарыңды салып чайнап уктап калчы менин уйкумду бузуп, онтобой деп. Оорусам да кызымдын уйкусун бузбоо үчүн ичимде ыйлап күн өткөрүп жүрдүм. Кызым бирөө менен сүйлөшкөн окшойт балдарын каратканы, жумушка орношту.

Бирок... Кызым күйөө баламдын көзүнө чөп салыптыр. Күйөө балам өзү бирөө менен машинада кучакташканын көрүп калып, талагын берип үйдөн чыгып кетти. А кызымдан бул нерсени күтпөгөн жаным кыйкырып ыйлап кала бердим. Алсыз жан экем тура калып кол да көтөрө албадым. Урушканым үчүн ысык тамак деген нерсени билбей калдым. Мага караган адам жок. Кызым ошол ойношун алып келип жашап алды. Кыргыз эмес ал ойношу деле.

Каршы болсом,кийлигишпе  апа көчөгө чыгарып саламын. Жашагың келсе тынч жат деп өз билгенин кыла турган болду. Колумдан эч нерсе келбейт. Болгону ичимден гана аттиң "кыз сактаганча-туз сакта" деп бекеринен айтышпаган экен, убагында турмуш куруп уулдуу болгонумда кантет эле деп аттиң кыламын.

Жашоом эми канча калды билбейм. Ичимде жаралган өз  кызым качан шайтанга айланды деп ойлоном. Бир тууган иним бар ошол жакка кетип калсамбы деп турамын. Бирок анын да үй-бүлөөсү, өз жашоосу бар. Иним жакшы кабыл алганы менен ал жерде келиним кожойке. Эл эмне дейт? Кызымды сурашса эмне деймин.

Бүгүнкү күндө мага бир күйөөр жан адамым жок, жашоодон үмүтүм үзүлүп турган кезим. Мен баарыңыздарга ден-соолук жана ынтымактуу үй-бүлөө каалаймын.

Кээ бир келиндерге айтаар элем жалгыз балам деп жашабагыла, алар чоңоюп өз жашоосун ойлоп кете берет. Силер  өзүңөргө да жаш кезиңерден кам көргүлө. Балким убагында турмушка чыгып, дагы  төрөгөндө мындай аты жаман балээ ооруга кабылбай калат белем деп өкүнөм... Эмнеси болсо да кудайдын маңдайга жазганын көрүп жаткандырмын, бирок болбой эле пенде экенмин, түрдүү ойлоп ийип жатпаймынбы...

Лара Абрамова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости