www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку соттун   Садыр Жапаровду 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча токтому анын мөөнөтүнөн мурда бошонуусуна же жатак колониясына которулуусуна жол бербейт. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Абактагы Жапаровдун жатак колониясына которулары жөнүндөгү документ  соцтармактарга тараган. Жактоочусу  Замирбек Базарбеков муну тастыктап, №1 абактан “6-февралда чыгары” тууралуу расмий жооп алганын айтты.

“Соцтармакта жарыяланган документтер чынында эле №1 түрмөдөн берилген. Бирок алдын ала сүйлөшүп алуу менен бир нече адамдын уюшуп барымтага алуусун уюштурган деп айыпталган Жапаровдун жаза өтөө мөөнөтү 2017-жылдын 25-мартында башталган. 2026-жылдын 5-октябрында бүтөт. Мындай айып күнөөкөрдүн мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна же жатак колониясына которулушуна жол бербейт”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Жапаровдун   адвокаты Замирбек Базарбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип жатып төмөндөгүлөрдү  билдирген.

"Биз толук ынануу үчүн Молдовановка айылындагы №1 колониянын жетекчисине эки жолу кат жөнөткөнбүз. Ал Садыр Жапаров 6-февралда жатак абагына которулат. Шарты боюнча өз үйүнө чыгарылып, маал-маалы менен абакка барып каттоодон өтүп турат. 2019-жылы ишке кирген Жазык кодекси боюнча соттолгон жаран жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин колониянын жетекчисинин чечими менен эле бошотулат. Демек, Жапаровду жатак абагына которуу үчүн сот отуруму болбой турганын түшүнсөк болот", — деп жактоочусу билдирген.

Анын айтымында, мыйзам боюнча Жапаровдун түзөтүү колониясындагы мөөнөтү 2020-жылдын 5-февралында аяктап, 6-февралдан тарта жатак абагына чыгарылмак.

Эске салсак,  Садыр Жапаровду 2017-жылы 25-мартта чет өлкөдөн Кыргызстанга кирери менен "Ак-Жол" чек ара бекетинен УКМК кызматкерлери кармаган. Себеби экс-депутат,  "2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган" деп айыпталып, 10 жылга кесилген. Учурда ал Молдовановка айылындагы биринчи колонияда жазасын өтөп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости