www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санк-Петербургда “Везёт” такси кызматында иштеген кыргызстандык жаранга  жүргүнчүлөр кол салышты. Алар таксистти муунтуп, акчасын алып, унаасын уурдап кетишкен. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя 5-январь күнү кечинде болгон. Төрт азия түспөлүндөгү жүргүнчүлөр 27-жаштагы кыргызстандык жигиттин унаасына отурушкан. Жүргүнчүлөрдүн бири айдоочуну бычак менен коркута баштаган, экинчиси моюнунан муунткан. Кол салгандар жабырлануучунун 2000 рубль акчасын алып, унаасынан түшүрүп салып, кыргызстандык балага тиешелүү “Киа Рио” унаасын белгисиз тарапка айдап кетишкен.

Жабырлануучунун жакындары полицияга кайрылышып, аталган факт боюнча “Уудоо” беренеси боюнча  кылмыш иши козголду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости