www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада  мекендештери тарабынан бычакталып, сөөгүү 1 жумадан бери келбей жаткан жарандын өлүгү, туугандарына тапшырылып, Кыргызстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты. 

Маалыматка караганда, мекендештери тарабынан бычакталган кыргыз жаранынын сөөгү, 6-январь күнү Москва-Бишкек рейси аркылуу,  саат 20:30та Кыргызстанга келип түшкөн. 

Аталган факты боюнча, Россиянын укук коргоо органдары менен КРдин ИИМи биргеликте иш алып барып жатканыдыгы маалым болду.

Эске салсак, 2019 жылдын 31- декабрында кыргыз жарандарынын арасында түшүнбөстүктүн айынан жаңжал чыгып, 25 жаштагы кыргыз жараны бычакталып, каза болгон. Кийин элчиликтин кызматкерлери окуя болгон жерге барып, бычакталган баланын туугандарына анын каза болгондугун кабарлашкан. Каза болгон жарандын сөөгү,  31- декабрдан бери Кыргызстанга жөнөтүлбөй жаткан.  Маркумдун  сөөгү соттук экспертизанын жана тергөөчүнүн уруксаты менен гана  мекенине жөнөтүлөөрүн, тергөө иштери жана документтерди даярдоо, дем алыш күндөрүнө байланыштуу кармалып тургандыгын айтып, бул маселе элчиликте тыкыр көзөлөмдө тургандыгын да кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости