www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир аптада 4 күн 6 сааттан иштөөнү Финляндиянын 34 жаштагы жаңы премьер-министри Санна Марин сунуштады. Бул тууралуу эл аралык маалымат булактары билдирүүдө.

Анда айтылгандай жаңы көз караштагы жаш өкмөт башчы ар бир жаран үй-бүлөсүнө көбүрөөк убакыт бөлүүгө татыктуу экенин белгилеген. 

“Жумуш күнүн кыскартуу менен элдер көпчүлүк убактысын пайдалуу хобби, кызыгууларга жумшайт. Балким, бул биздин жумуш убактыбыздын жаңы этабы болуп калат”, -дейт Санна Марин.

Белгилей кетсек, иш күндү кыскартуу тажрыйбасы Швецияда 2015-жылдан бери ийгиликтүү колдонулуп келет. Алгач Гётеборг шаарындагы ооруканалар менен бир катар социалдык жайлар, айлык маянаны кыскартпастан туруп, 6 сааттык иштөө тартибине өтүшкөн. Андан эки жыл өтпөй жүргүзүлгөн тажрыйба жакшы жыйынтык берген: жумушчулар ыраазы, ден-соолуктары чың болуп, кызмат көрсөтүүлөрү натыйжалуу, сапаттуу боло баштаган.  Кийинчерээк Toyota фирмасынын Шведдик филиалы дагы жумушчуларын шыктандыруу максатында 6 сааттык иш күнүнө өткөн. Күткөндөй жыйынтык чыгып, кызматкерлер жаңы ачылыштарды жарата башташкан. Ошондой эле дарыланууга коротчу компаниянын чыгымы кыйла азайган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости