www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Панфилов районунун 32 жаштагы тургуну Азим Сатымкулов менен Кара-Балта шаарынын 36  жаштагы тургуну Изат Белекова “Жаш акын”  төш белгиси менен сыйланышты. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине   коомдук ишмер Бекбү Асанкулова билдирди.

Анын айтымына караганда, төш белгилерди Москвадагы “Аруу дүйнө” адабий клубу тарабынан ыйгарылды.

“Аруу дүйнө” адабий клубу Айжан Мамасадыкованын жетекчилиги менен Москва шаарында негизделген. Учурда Кыргызстандын  7 дубанында координаторлор иш алып барышат. Чүй жана бишкек региону  боюнча  Азим Сатымкулов менен Изат Белекова “Жаш акын” төш белгилерин тагынышты. "Жайыл ата" музейинде атайын иш-чара өткөрүп, аларды “Жайыл ата коомуна” мүчөлүккө кабыл алдык. Аталган салтанатка акын-жазычуулар Догдурбек Юсупов, Болот Жумагулов, журналисттер жана “Багыт” адабий борборунун мүчөлөрү катышты. Жаш акындарга батабызды берип, акындар ыр белегин тартуулашты” – дейт Асанкулова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости