www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жамшитбек Калилов орун басары Азимкан Жусубалиев тууралуу өзүнүн пикирин билдирди.
"Эмне болгонун мен деле билбейм, айран-таң болуп эле отурабыз. Эпкин-Дыйкан (Башкууганды) аймагына жол куруу боюнча эл аралык тендер өткөрүлгөн. Жусубалиев тендердик комиссиянын төрагасы эле. "Бүт баары мыйзамдуу болду" деп подрядчы жумушун баштады. Ал жерге 67 чакырым жол курулмак. Эми тендер бир адамга байланыштуу эмес да. Анын мүчөлөрү көп, ал жерде Коомдук көзөмөлдөө кеңеши, Экономика министрлигинен, Каржы министрлигинен, УКМКдан өкүлдөр бар. Кээде депутаттар кошулуп калат. Анан кандай болгону бизге да бүдөмүк. Жакшы иштечү, мага өкмөттөн келген. Илгертен ал аппараттарда, президенттин администрациясында иштеп жүргөн. Жумушуна так эле болчу. Ар адамдын кемчилиги болот да, анын бир аз жумшактыгы бар эле. Аппараттык жыйындарда көп эскертүү алчу. Оңдо, кара деп айтчумун. Ушул дүйшөмбү күнү эле көп жерлерди түзүк эптей албай жатасыңар дегем",- дейт Жамшитбек Калилов.
Булак: NazarNews.kg