www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнүн мурдагы президенти Атамбаев, адам катары жандагандарына кандай экенин ким билсин. Бирок анын алты жыл жүргүзгөн саясаты “сасып” кетти.

Пенде экенбиз учурунда кол куушургандар “сатып” кетти. Чо-оң саясатчылардын амалкөйлүгүн айтпасак деле түшүнүнктүү. Кызыгы керек болсо ишенген желдеттери жүздөрүн тескери буруп кетти.

Мына учурунда Бишкектин “Көк-Жар” конушунда Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери үчүн көп кабаттуу, заманбап үйлөр салынганын билебиз. Ошондо Атамбаев өзүнө берилгендерди биринчи орунда бекер батирлүү кылган экен. Анан дал ошол желдеттери өзүн “Кой-Ташта” желкелеп кетишкени айтылууда.

Анткен менен акыркы мүнөттөрүнө чейин жанында болгон жан сакчысы, УКМКнын тогузунчу кызматынын мурдагы өкүлү Канат Сагымбаев учурда ар кайсы шылтоолор менен абакта. Эми ал жигит аргасыз өзүнө тагылган милдетин так аткарганын жактоочулары жана жакындары айтып келишүүдө.

Бүгүнкү күнү Сагымбаевдин иши боюнча баш-аягы 16 экспертиза дайындалганын анын жактоочусу Бакытбек Автандил уулу билдирген. Мунун ичинде куралдан ок чыгаргаруу боюнча баллистикалык экспертиза да жүргүзүлүп жатканы айтылат. Анткени УКМКнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн аскери Үсөнбек Ниязбеков кандай куралдан атылганын эксперттер азыркыга чейин аныкташа элек. Мындан улам Автандил уулу бул иш дагы эки айга созуларын божомолдойт.

Эске сала кетсек, Канат Сагымбаев «Массалык башаламандыкты уюштуруу», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Топтошуп адам өлтүрүү» жана «Тергөөчү же башка кызмат адамдарынын аракеттерине тоскоолдук жаратуу» беренелери боюнча айыпталып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости