www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мына ушул теманын алкагында Кыргызстанда антибиотиктерди туура колдонууну маалымдоо боюнча жумалык башталды. Жумалык 18-ноябрдан 23-ноябрга чейин өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага багытталган пресс-конференция 2019-жылдын 18-ноябрында Эл аралык "Ала-Тоо" университетинде өткөрүлүп, ага БССУнун жетекчиси Назира Артыкова, КР ССМинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгуль Исмаилова, ФАО өкүлчүлүгү жана ветеринардык кызматтын өкүлдөрү катышышты.

Адистердин айтымында, антибиотиктерди колдонуунун алдында кылдат ойлонуу зарыл. Себеби, туура эмес колдонулган дары-дармек тескерисинче ден соолукка зыянын тийгизет.

Эгерде организмде антибиотикке көнүү пайда болсо, бул башка оорулардын күчөшүнө алып келүүсү мүмкүн.

Мындан тышкары, Эл аралык "Алатоо" университетинин жана Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын студенттери флэш-моб өткөзүштү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости