www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укмуштуудай бир окуя. Күлкүң эле келет. Коңшу өлкөдө Аягоз шаарынын тургуну келинчеги менен ажырашып, анын урматына 60 жол тандабас унаанын коштоосунда бул датаны белгилеген.

Полициядан маалымдагандай бул жаран аялы менен ажырашкандан кийин дароо экөөнө таандык батирди сатышып, акчаны тең бөлүшкөн. Аялы акчаны өз керектөөсүнө сарамжалдуу колдонсо эркек дароо кубанычын койнуна батыра албай, алгач тең туштары менен саунага барган. Андан кийин унааны ижарага берүүчү фирмага бет алып, 60 кымбат баалуу Toyota Land Cruiser Prado, Gelandewagen, Lexus унааларын убактылуу пайдаланууга келишим түзгөн. Бир унаанын бир сааттык баасы эле 15-20 миң теңгени түзгөн.

Бактылуу бойдок дароо тааныш, досторун рулга отургузуп, 60 унаадан турган кортеж менен Чыгыш Казакстан облусунун Аягоз шаарынан Уральск калаасына бет алган. Бирок, жолдон полиция кызматкерлери тарабынан тутулуп калган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости