www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Ата-энем көптөн күткөн уулунун жаны, ден соолугу бек болсун деп атымды Жаныбек коюшкан экен. Себеби, мен үч кыздан кийин келген уулмун, - дейт Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров "Факты.kg" гезитине берген маегинде. Балалык кезим Ысык-Ата районунда жана Токмок шаарында өткөн.

Шаарда турчубуз, бирок атам мени ак кол болуп калбасын деп, мал-жанга аралаштырып өстүрдү. Атка минип кой кайтарган күндөрүм көп эле болду. Андан тышкары жер да иштетип, талааларда кетмен менен жүргөнүм эсимде. Шаарда жашаганыбызга карабай мен өзүмдү айылдыкмын деп эсептейм. Анткени, ар бир кыргыз баласынын жашоосу айыл менен байланышкан.

Ат минбеген, жер сугарып, мал бакпаган кыргыз жок. Мен кийин жогорку окуу жайда окуп жүргөн кезде тил үйрөнүү үчүн Америкага барып, Сан Францискодо бир жылдай окуп, кошумча такси айдап иштеп, жашап калдым. Бир жылда тилди кадимкидей эркин сүйлөп, максатыма жеткендей болдум дагы өз өлкөмө кайтууну туура көрдүм. Анткени мен жалгыз уул болгондуктан ата-энемди колума алып багыш милдетим эле.

Булак: "NazarNews.kg"

 

Последние новости