www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Свердлов РИИБдин аймактык тескөөчүлөрү тарабынан ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылдын 15-декабрында Свердлов РИИБге К.А. аттуу жаран кайрылган. Анын айтымында, А. деген жаран Чүй проспектисиндеги соода борборлорунун биринин аймагынан долларды жеңилдетилген (пайдалуу) курста беребиз деген шылтоо менен 2 млн 365 миң 880 сомун алган. Бирок, ал убадасын аткарбай, белгисиз тарапка качып кеткен.
Бул факт Свердлов РИИБ тарабынан КБРге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209- беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Аталган кылмышка шектелип, 1998-жылы туулган Д.А. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды.
Текшерүү учурунда анын ушул сыяктуу 10 кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды. Учурда тергөө иштери уланууда.
Шектүүнүн аракетинен жабыр тарткан жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү телефондор аркылуу байланыша алышат: 0(700) 66-76-64, 0 (700) 50-10-29, 0 (550) 66-76-69 и 102.
Булак: NazarNews.kg