www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырас, элди, келечек муундарды колдош керек. Бирок, ошол колдоо деген нерсе менен адамдардын арасында кадыр-барк, каада күтүүнү адатка айлантып албадыкпы. Коӊшунун итине жугунду куюп берип коюп деле «мен жакшылык кылып атам» — деп догурунгандар да жок эмес.

Ошол эле маалда адам өмүрүн сактап калып атса да төш какпагандар да бар. Дегеним, Жогорку Кеӊештин депутаты Бакирдин Субанбеков 25-май күнү өзү окуп бүткөн мектепке барып, мыкты окуган окуучуларга жана алдыӊкы мугалимдерге өзүнүн атынан стипендия бериптир. Албетте, берсин, бергенине каршылыгыбыз жок.

Бирок, биртике берген тыйынын жалпы журтка жар салып, КТРК аркылуу бүтүндөй Кыргызстан боюнча стипендия таратып жаткансып жарыялабай эле койбойбу. Жасакерленип, анан жасалма пиар кылып, өзүн тимеле «мээримдүү инсан» көрсөтүүгө куштарланып…

Кезинде министр, учурда депутат болуп олтурган Бакирдин мырза берген стипендияны айлыгы жок туруп эле, байлыгы жок туруп эле өз айлына барып, кадимки ырчылар деле берип атышат. Мына ошолор жар салса жарашат эле.

Булак: "de-facto"

Последние новости