www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жашоосунда бизди экинчи орунга койгон апама таңгалам

Мен ушул күнгө чейин жаман абалда болуп жүрөм. Жашоосунда бизди экинчи орунга койгон апама таңгалам. Балдарынан да ошол адам артык көрүнүп калганына кейийм. Атамдан ажыраганыбызга эки жыл болду.

Эми өзүбүзгө келипкелбей жатып апам башка адамды таап алды. Ошол тапкан адамы менен эле жүрө берет. Биз менен иши деле жоктой болуп баратат. Бир жумада бир келип кетет болду. Байкем экөөбүз эле жашап калдык.

Ушунчалык атакемди сагынып, кээде жашоо маңызсыздай, кызыксыздай сезилет. Баш оогон жакка басып кетким келет, кээде өлгүм келет. Бирок байкем эмне болот (?) деп ойлоном. Апам мээримин төгүп, “балдарым” деп эркелетип турса дейбиз.

Апамдын азыр бизди эркелеткенге убактысы жок болуп калды. Турмушубуздун акыры эмне болот билбейм...

Булак: Азия News гезити

Последние новости