www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Temirov LIVE компаниясынын негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темиров - ага карата дагы үч кылмыш иши козголгонун Фейсбук баракчасына жазды. Журналист муну кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. Ал бийлик ага жана анын командасына басым жасап жатканын белгилеген.

"Ташиевдердин балдары жана мамлекеттик тендерлердеги алгачкы жеңиштери боюнча иликтөөнү жарыялаганбыз. Алардын жообу көп күттүргөн жок. Бүгүн мени шаардык милицияга чакырып, мага карата козголгон дагы үч кылмыш иши менен тааныштырды. Үчүнчү иш бүгүн саат 11де ачылды. (19-апрель - ред.) Бул куугунтуктарды мен алардын иштерин ачыкка чыгарганыбыз менен гана байланыштырам. Мен жана менин командам иликтөөнү улантабыз", - деп жазган Темиров.

Журналист кылмыш иши кайсы беренелер боюнча ачылганын ачык айткан эмес. Ички иштер министрлиги комментарий бере элек.

Мунун алдында Temirov LIVE УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алганы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштеген төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармаган. Эртеси күнү экөөнү тең чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошоткон.

Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Анын алдында Болот Темировдун “Ютубдагы” Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган.

Адвокат Нурбек Токтакунов кылмыш иши Жазык кодексинин 287-беренеси (Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) менен козголгонун, Темировго да, Назаровго да атайлап маңзат салып коюшканын билдирген.

Айыптар жана беренелер боюнча расмий маалымат азырынча жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости