www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ата-бабалардан калган Кыргызстандын бүгүнкү күндө ушундай акыбалда калышы ата-бабалардын астында кечирилгис күнөө. Эл ишенген ажоолорубуз эл алдында алым сабак айтышып турса элдин эми бийликке болгон ишеними таптакыр жоголду го десек болот. Илгери эл арасында элди башкарган хандардын ыркы кетип жатканын байкаган коңшулаш элдер ошондон пайдаланып өз ээликтерин кеңейтиш үчүн ыркы кеткен элди жерлерин басып алышкан. Ушул жылы тажик-кыргыз чек арасында, Солтон-Сарыда жаңжал болуп жатканы баарыбызга маалым.
Эмне үчүн ошол жаңжалдарды чечкендин ордуна бийлик башчылары алым сабак айтышып отурат. Мурдагы президентке эмне себептен камалбай, өз алдынча мамлекет түзүп, элди экиге бөлүп жарып олтурат. Ал эмне мамлекетин экономикасын өнүктүрүп, карыздан чыгарып, алдыңкы өлкөлөргө Кыргызстанды коштубу? Кыргызстанда эч бир өлкө башчысы экс-президент деген наамга татыктуу эмес. Анткени өлкөбүз жакыр өлкөлөрдүн катарында турат. Экс-президент деген наам мамлекетти алдыга жылдырып мамлекетти өнүктүргөн өлкө башчыга гана берилет. Кыргызстанда элге бийлик тарабынан эч кандай көңүл бөлүнбөйт тескерисинче эл бийликте отурган чиновниктерди багып, байытып депутаттар да ошол экс-прездент да элдин эсебинен казынага түшкөн акчага багылып, байып бактылуу барчылыкта жашап келе жатышат. "Элди ойлойлу, элге жардам берейли", - деп элдин камын ойлогондорду камакка негизсиз эле жалган жалаа жап камап салдык.
Эсиңерге келгиле эл башчылары, ата-бабалардан калган мамлекетүүлүгүбүздү, "кыргыз" деген элди, жаратылышы кооз, суусу кенен, кен байлыгы мол кереметтүү Кыргызстаныбызды жок кылып, ата-бабалардын каарына калбайлы! Дал ошол ата-бабалар сыяктуу Кыргыз мамлекетин улуулардын учугун улап бизден кийинки урпактарга уят болбой калтыруубуз зарыл... Кеч болуп кала электе ойгонгула, элди ойлонгула!
Жазгүл Исмаилов, КР жараны
Булак: NazarNews.kg