www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевчилдерге жага бербей калды, “Шылтоого шыноо таап” Солтон-Сары кенинде жергиликтүү жашоочулар менен кен комбинатын куруп жаткан кытайлык "Zhong Ji Mining Company" компаниясынын ортосунда болуп өткөн чырды атамбаевчил фейктер күнөөнүн барын Жээнбеков баш болгон азыркы бийликке шыбашты. Бирок эмнегедир эстерине жара чыгышып жаткан кытайлык "Zhong Ji Mining Company" компаниясына Атамбаевдин заманында Дүйшөнбек Зилалиев деген азыр мыйзамсыз байыган деген иш боюнча тергөөдөгү Атамбаевдин “рыцары” лицензияны узартып бергенин унутуп калышты.
Мурунку Мамгеологияны тейлеген Зилалиев эл билбеген толтура күмөндүү лицензияларды тараткан, аны кармаган учурда 900 миң доллар (дээрлик миллион) накта акча жана башка активдер жөн эле үйүндө, күнүмдүк оокатка чыгымдоого, балдары ойногонго чачылып жаткан, бул акчалар кайдан келди деген суроого Зилалиев жооп бере алган эмес. Каяктан чыкканын кайдан билет мыйзамсыз табылып жатса. Зилалиев Атамбаев жанталашып актап жаткан Сапар Исаковдун оң колу болгон. Атамбаевдин заманында Зилалиев чет мамлекеттен капиталдарды тартуу боюнча чечүүчү кызматтарды жетектеп, өз капчыгын кампайткан.
Логика боюнча Атамбаевдин колдоочулары Жээнбековдун абийирин ачабыз деп жатышып, өздөрүнүн абийирлерин ачып алышты. Кыргызда мындай макал бар: “Чылпакты алабыз дешип, көзүн чукуп алышты” - деген.
Булак: «NazarNews.kg»