www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кызыл өрүк”, “Өмүр, “Айыл кечи, “Жайлоодо” жана казак эстрадасынын белгилүү “Кайда” аттуу чыгармаларын аткарып, эл оозуна алына баштаган таланттуу ырчы, ажарлуу айым Жазгүл Санатова бизде мейманда.
-- Жазгүл, кайсы жактын периси болосуң?
-- Мен Жумгал районунун Көк-Ой айылынан болом. Таанышкан адамдардын баары эле “супер саяк” деп тамашалап калышат. Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусумун, жашым 25те. Атам 49 жашында узак оорудан улам дүйнө салган. Апам болсо бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенип, кийин шартка байланыштуу үйдүн жоопкерчилигин алган. Жаш кезинде апам ыр жазчу экен, бирок талантын таптаган эмес. Эжем да ыр жазат, бийчилик өнөрү бар. Азыр журналистика тармагында эмгектенет. Ал эми инимдин үнү абдан жакшы, негедир чыгармачыл чөйрөгө кызыкпайт. Мен болсо мектепте окуп жүргөн кезде эле ырчы болууга ынтызар элем.
-- Музыкалык билимиң барбы?
-- Алгачкы жолу райондун чоң сахналарына чыгып, “Жумгал сулуусу”, “Жаш таланттар” сынагына катышып, жеңишке жеткем. Борборго келгени чыгармачылыктан алыстап, Скрябин атындагы агрардык университеттен айыл чарба жана экономика багытында билим алдым. 1-2-курстун студенти болгон кезде окуу жайдагы иш-чараларга жана элдин жакшылыктарында ыр-бий өнөрүмдү тартуулап жүрдүм. Кийинчерээк жеке жашоону тандап, чыгармачылыкты такыр эле унуткам. Бирок, жандүйнөң самап, жакшы көргөн ишиңди унутуу кыйын экен. Төрт жылдан кийин кайрадан шоубизнес чөйрөсүнө ыктап, бул чөйрөнүн түйшүгүн көтөрүп, жемишине, жеңиштерине сапар алдым. Азырынча эстрада багытын тандадым. Мүмкүн кийинчерээк музыкалык аспаптарды чертип, фольклордук чыгармаларды жаратам. Буюрса, өзүмдү өзүм өстүрүп, музыка жаатында терең билим алууга куштармын.
-- Азыр ырчылардын саны күн санап өсүүдө. Алардан айырмаланып, элге сиңүү үчүн кандай кадамдарга барасың?
-- Туура. Эптеп-септемей ырларды ырдап чыгып, чыгармалар өтө сапаттуу болбосо эл арасында жеңил-желпи көз караш калыптанып калат экен. Андыктан, репертуарымды тандоодо кылдат мамиле кылам. Негизи өзүмдүн мүмкүнчүлүгүмө ишенем. Үн, талант, шык, сахнаны сүйгөн, сыйлаган сапатым бар. Ошол эле учурда сахнанын жүзү болгон адам үчүн өң-келбетин ачып көрсөткөн стили маанилүү. Көчөдөгү кийим менен сахнанын төрүнө чыккан адамдарга түшүнбөйм. Ар бир нерсени деталдуу караганга аракет кылам. Ошон үчүн жеңил темаларды ырдап чыга албайм. Өнөр сыйлаган элибиз турганда, талант, өнөр бааланарына ишенем. Элимдин жакшылыктарында элдик чыгармаларды аткарып жүргөнүмө жарым жылдан ашты. Чакыруулардын көптүгүнө, элдин кабыл алуусуна , колдоп-коштоп турганына карасам, чыныгы мааниси терең чыгармалар түбөлүккө жашайт экен. Мен дагы угармандардын кабыл алуусун, табитин байкап, репертуарымды түзүүдө алгач элдик ырлардан баштагам. Учурда жаңы ырлардын текстин, музыкасын жана аранжировкасын иштеп жатабыз. Буюрса, жаңы чыгармаларымды угармандарга тартуулайм. “Эл тараза эл сынчы” дегендей, угармандардан калыс пикир күтөм. Көп убакыттан бери Роза Шакированын үнүн баалайм. Ошондой эле Мирбек Атабековдун аткаруусундагы ырлардын музыкасын, аранжировкасын даярдаган чыгармачыл топтун эмгегине баа берем. Булар эч качан жерде калбай турган чыныгы таланттар.
-- Өзүңө кандай мүнөздөмө бересиң?
-- Өзүмдү ушунчалык ишенчээк деп сүрөттөйт элем. Ушу мүнөзүмдүн кесепетинен кыйынчылык тарткан учурлар болгон. Анткени, ар кандай адам болорун билсем да, башымдан өтмөйүнчө маани бербейм. Азыр эми алдамчы адамдардан алыс эле болуп калдым. Анан чыгармачылыкта жоопкерчиликтүү мүнөз маанилүү экен. Өзүмдү жоопкерчиликтүү болууга тарбиялап жатам.
Назима Жумаева
Булак: "Азия Ньюс"