www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Коопсуз шаар долбоору ишке кирип, бир күндө тогуз жарым миллион сомдук айып пул жазылыптыр. Аталган долбоор элдин капчыгын кагуубу же айдоочуларды жол эрежесин сактоого аргасыз кылабы?

- Айып пулду 15 күндө төлөсөң 50 пайызын эле төлөйсүң деп жатышат. 15эмес, бир айда да төлөй албасак не болот. Анткени, азыр Кыргызстанда жумуш жок. Эптеп такси айдап, жан багып жатабыз. Өкмөткө арзыбаган жол эрежесин бузганыбыз үчүн очойгон акча төлөгөнчө жөн эле үйдө жатканыбыз жакшы окшойт деген ойго кептелип жатам. Өкмөттү бак деп коюп. Баккан бирөө болсо жатат элем. Бирок ким багат бизди. Ошон үчүн элдин жашоо-шартын эске албай коюлган айып пулдарды кыскартып, капчыгыбызга жараша кылса деле болот. Элдин жонунан кайыш тилип, өкмөт деле жыргабайт. Себеби, ошол эле айдоочулар бийликке нааразычылык билдирет. Кырдаалды курчутат. Жогору жакка тынчтык керек болсо, айып пулдарды асмандаган баасын төмөндөтүшү керек. Болбосо кырдаал заматта кыйындайт.  Түкүрүктү кантип арзандатканын билбей калышкандай жол эрежесин бузгандардын да айып пулун так ошентип төмндөтүүгө аргасыз болушат.

Чынайым Кутманалиева

Булак: "Фабула"

Последние новости