www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

101 жаштагы апанын үнү президентке жетти

“Урматтуу Президент үнүмдү угуп коюңуз” деген аталыштагы 101 жаштагы эненин кайрылуусун жарыя кылганбыз. Энебиз Гүласал Сүйүмбаеванын кайрылуусу, ый аралаш үнү жогору жакка жетип, Кыргыз Республикасынын Президентине  жасаган кайрылуусу боюнча Ички иштер министрлигинен Бакыт Сеитов биздин NazarNews.kg маалымат агенттигине төмөндөгүлөрдү билдирди.

"Сиздердин маалымат агенттигинерге чыккан “Урматтуу Президент үнүмдү угуп коюңуз” деген рубриканын алдында Жалал Абад областынын Аксы районуна караштуу Кашка Суу айыл өкмөтүнүн тургуну 101 жаштагы энебиз Гүласал Сүйүмбаеванын Кыргыз Республикасынын Президентине  жасаган кайрылуусу боюнча Ички иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет.

Аталаган кайрылууда көрсөтүлгөн жагдайлар толугу менен Ички иштер министрлигинин көзөмөлүнө алынды. Аталган  кылмыш фактысын кайрадан толук жана акыйкат карап чыгуу ИИМдин ички иликтөөлөр кызматына жана Бишкек ШИИББнын жетекчилигине тапшырылды жана кыска мөөнөттө аталган фактынын таза жана акыйкат тергелишин карап чыгуу, аталган фактыда Уларбек Дононбаевдин күнөөсу болгонбу же болгон эмеспи такталат жана тергөөнүн журүшүнө обьективдүү баа берилет. Анын жыйынтыгын сөссүз түрдө Сиздердин редакцияга билдиребиз"- деди Бакыт Сеитов.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости