www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Бюджетти толтура албай  жатканда өкмөткө 4 вице-премьер министр көптүк кылбайбы?

Абдырахман Маматалиев, экс-вице-премьер-министр:

“Кеп санда эмес, сапатта болушу керек”

-Адатта,өкмөттүн түзүмү жана курамы ошол учурдагы кырдаалга,анын алдына коюулган милдеттерди аткарууга байланыштуу болот. Эгер Өкмөт кандайдыр бир стратегиялык, дымактуу чоң багытты ишке ашырууга бел байласа, ал үчүн мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл болуу талап кылынса, анда кошумча структуралар да түзүлүшү мүмкүн. Албетте, ыгы жок чыгашаларга жол бербей, каражатты сарамжалдуу пайдалануу керек. Бирок,эч кандай талдабай туруп эле, биз кичине мамлекетпиз, баарын кыскарталы дей берген да туура эмес. Мен ойлом, бүгүнкү өлкөдөгү түзүлгөн кырдаал, экономиканын абалы өкмөттүн ийкемдүү, эффективдүү иштей турган жаңы структурасын иштеп чыгып, анын өздүк курамын сапаттуу өзгөртүүнү талап кылат. Кеп саны жөнүндө эмес, сапаты жөнүндө болушу керек.

Өмүрбек Абдрахманов, экс-депутат:

Эң чоң экономикасы бар Америкада деле  бир эле вице

-Бул советтик система вицелерди көп кылуу. Алар министрлерге чон болуп алып, аларды иштетпейт. Эң чоң экономикасы бар Америкада деле  бир эле вице... Ал дагы кокус президент ооруп калса же өлүп калса бийлик башчысы жок калбасын деп эле коюшкан...

Кубатбек Кожоналиев, генерал:

“4 эмес, бир эле вице жетмек”

-Чынында 4 эмес, бир эле вице жетмек. Бир эле вице болсо бюджет да үнөмдөлмөк. Чыгымдар азаймак. Ошондуктан, сандан сапатка деле өтсө болот.

Уран Рыскулов, коомдук ишмер:

Өкмөттүн ыйгарым укуктарын президенттин аппаратына өткөрүп берип, системалык реформа жасашыбыз керек

-Премьер-министирдин аппараты негизинен ашык баш орган. Эч нерсени чече албайт, бирок жоопкерчиликтин баарын моюндарына илип алышып, керек убакта сары улактай  садага чабылып кете беришет. Биздикиндей премьерлер байпактай алмашылып , соттолуп, күнөөгө  тартылган бир дагы мамлекет жок. Уялат экенсиң. Мамлекеттик орган эмес эле пародия болуп калдык. Өкмөттүн ыйгарым укуктарын президенттин аппаратына өткөрүп берип, системалык реформа жасашыбыз керек. Болбосо вице-премьерлерди кыскартканда эле  маселе чечилбейт. Башкача айтканда, бул кызматтар элди алдамай,  алаксытмай.

Жамалбек Ырсалиев, Шаардык кеңештин экс-депутаты:

“Иштин майын чыгара турган эки эле киши жетишмек деп ойлойм”

-Өкмөттүн өзү көптүк кылып жатканда 4 вице-премьер-министр көп. Иштин майын чыгара турган эки эле киши жетишмек деп ойлойм. Ошол эле учурда мэрдин деле 5 вице-мэри бар да. Кеп санында эмес сапатында. Иштеп элге кызмат кылып өлкөнү же шаарды өнүктүрүп жиберсе 10 болсо деле каршылыгыбыз жок. Иштеп эле беришсинчи...

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости