www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев 2007 - жылы Бакиевдин өкмөт башчысы болгон. Азбы, көпбү иштеген бирок мурунку президенттик аппарат жетекчиси Медет Садыркулов “Бул иштебей эле ар кимден бир нерсе доолап жүрөт экен” дегенинен улам кызматынан четтеттип салган. Бүгүн экс президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылга чейинки мамлекет башчысы Курманбек Бакиев тууралуу тасманын Кыргызстандагы телеканалдардан көрсөтүлүшү боюнча комментарий берди. Ал Кой-Таштагы үйүндө, “элдик штабда” чогулган тарапташтары менен жолуккан учурда журналисттин суроосуна жооп берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков 31-июлда Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен жолугушуп, Атамбаевдин тегерегиндеги окуяларга биринчи жолу комментарий берген. Ал мурдагы президенттин иши мыйзам чегинде чечилиши керектигин белгилеп, “Бир ууч топтун жеке кызыкчылыгына каршы чыгышым мүмкүн, бирок элимдин кызыкчылыгына каршы чыкпайм!, - деп айткан.

30-июлда "НьюТВ" жана "НурТВ" телеканалдары 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоолордо өлкөдөн качып кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиевди жактап, 70 жылдыгы менен куттуктаган тасма көрсөткөн. Ал учурда үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт. УКМК бул тасмалар боюнча эскертүү берген.

 

 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости