www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эсеп палатасынын А. Н. аттуу кызматкери Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигиндеги финансылык тартип бузууларды жашырган деп шектелип, УКМКнын тергөө абагына бир айга камалды.
Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, агенттиктеги кызматкерлердин каржылык укук бузууларын жаап жашырган. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги Кыргызстандагы коррупциялашкан мекемелердин бири. Анын жетекчиси Рустамовго көп сындар айтылып келет. Эсеп палатасынын кызматкери агенттиктеги каржылык мыйзам бузууларды бекер эле жашырган жок.
Албетте, аны токой чарбанын чоңдору "тойгузуп" коюшу мүмкүн, - дейт "Ачык сөз" гезити.
Булак: NazarNews.kg