www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир келин төрөтканадан чыгат. Аны көргөнү келген досу сөз ортосунда күйөөсү ага эмне белек кылгандыгын сурап калат.
Келин: - Эчтеке белек кылган жок .
Досу: - Ой-ий, кандайча...Ушулбу сенин кадыр - баркың? - деп, келиндин жашоосуна бомбаны таштайт да кетет.
Ошондон тарта жумуштан чарчап келген күйөө менен жубайынын ортосунда жаңжал көбөйөт. Болбогон нерседен экөө урушуп-чырдаша турган болот.
Ар бир сөзүндө өзүнүн кадырын,баасын ортого сала берген келинди акыры күйөөсү кетирип тынат. Көйгөй эмнеден башталды эле өзү, байкадыңызбы?
Келиндин досунун бир ооз сөзүнөн.
* * *
Эки дос жолугушуп калат. Бири экинчисинен сурайт:
- Каерде иштеп жатасың?
- Супер маркетте.
- Айлыгың канча?
- Он миң сом.
- Болгону он миң сомбу? Андай акчага кантип жашайсың? Алган айлыгың мээнетиңди актабайт экен - деп досун айнытты. Досу кожоюнга барып, айлыгын көбөйтүүсүн талап кылат.Кожоюн болсо баш тартат.
Досунун бир ооз сөзүн уга электе тынч гана иштеп жүргөн жигит, ошентип жумушсуз калат.
* * *
Карыя эс алып,үйүндө жаткан. Алдына кошунасы келип: " Эмне үчүн уулуң сенден келип кабар албайт? Ишим көп дегенине ишенесиңби?! - деп жарасын тырмайт.
Бир ооз сөз атанын жүрөгүн курттай жейт. Анын көңүлүн уулуна болгон нааразылык ээлеп алат.
Мына, бир ооз сөздүн кесепети...
Булак: NazarNews.kg