www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биздин мамлекетте канча президент болду, кимиси Кыргызстан үчүн эмнени жазаганын биле жүргөнүбүз абзел. Биз субьективдүү гана кимдир бирөөлөрдүн оюна кошулбай, обьективдүү да мамиле жасашыбыз керек. Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткени биринчи президент Аскар Акаев, анын Кыргызстанды демократия аралы кылам деген жакшы ойлору бар эле. Бирок эмнегедир эл журту теңчиликте жашап калган Кыргызстанды менчиктештирүү менен бүлүндүрүп, элди багып келген колхоз совхоздорду жоюп, Кыргызстандын экономикасын көтөрө турган Кумтөр кенин Бирнштейндерге окшогондордун колуна салып берди. Голографияны мыкты түшүнгөн Акаев балким окумуштуу бойдон калса, Кыргызстанга чоң салымын кошот беле?
Андан кийинки президент Курманбек Бакиев экономикага жеңин түрүнүп кирген. Камбар Ата ГЭСин чоң саамалык менен кура баштаган, Сары Жазда ГЭС курууга Кытай менен келишимдерди даярдап жаткан. Өзбекстан менен Казакстандан көз карандысыз Датка Кемин электр чордонун куруу пландары Бакиевдин учурунда түзүлгөн, ТЭЦти 200 миллион долларга курабыз деп ТВЕА менен сүйлөшүүлөр башталган.
Атамбаев президент болгон соң Бакиев баштаган Датка Кемин бүткөн, ТЭЦ 200 миллионго эмес 386 миллион долларга модернизацияланган. КкамбарАта менен Сары Жаз ГЭСтери унутта калган. Жогорку Нарында ГЭС каскаддарын түзүүгө жасаган аракеттери 38 миллионду жеп алып майнапсыз аяктаган.Кийин чехтердин “Лигласс” дегени келип ал да аягына чыга алган жок.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»